№175

№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 134 994 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 34 309 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 25,42% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 29 339 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 21,73% түздү.

4970 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,68% түздү.

№24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 14 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 13 талапкер катышты.

№24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №12/1 чечими менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 37-беренесинин 4 – бөлүгүнө       ылайык,   

№1343 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

 № 24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

  1. Карыбек Уулу Улукбек – 6038 добуш (17,89%);
  2. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 7481 добуш (22,16%);
  3. Исмаилов Арафат Сайдахматович – 5595 добуш (16,58%);
  4. Кульмамбетова Алтынай Болотовна –  325 добуш (0,96%);
  5. Акимбаева Гульнара Орозбековна – 3505 добуш (10,38%);
  6. Исаева Майрамкуль Тургунбековна –  324 добуш (0,96%);
  7. Ибраймакунов Данияр Омурбекович 486 добуш (1,44%);
  8. Молдалиева Шарийпа Токтоматовна – 1757 добуш (5,21%);
  9. Орозбаев Мирлан Кубатбекович – 288 добуш (0,85%);
  10. Шарапова Жибек Закировна – 683 добуш (2,02%);
  11. Кайыпов Эржан Сулайманович – 305 добуш (0,90%);
  12. Токторбаева Кыял Айтбековна – 1102 добуш (3,26%);
  13. Эргешов Казыбек Кочкорович – 3434 добуш (10,17%);
  14.  
  15. Баарына каршы 2432 добуш (7,20%).

№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы 3 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).

№ 24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Салымбеков Жумабек Мамытбаевич;  

          - Карыбек Уулу Улукбек; 

- Акимбаева Гульнара Орозбековна.  

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-декабры

№ 175