№ 174

№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 136 100 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 40 758 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 29,95% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 35 386 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 26,00% түздү.

5372 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,95% түздү.

№22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 16 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 15 талапкер катышты.

№22 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Атанов Ирлан Азизович 247 добуш (0,61%);

2. Мусуралиев Туратбек Абдиларисович 260 добуш (0,64%);

         3. Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – 3704 добуш (9,18%);

         4. Ибрагимов Болот Адылбекович – 8128 добуш (20,15%);

         5. Узакова Аида Орозалиевна – 904 добуш (2,24%);

         6. Бекешев Дастан Далабайевич – 17378 добуш (43,08%);

         7. Каниметов Самат Каниметович – 265 добуш (0,66%);

         8. Абдырахманов Кубанычбек Ишенкадырович – 248 добуш (0,61%);

         9. Бахшалиев Хансывар Рустамович – 112 добуш (0,28%);

         10. Абсалиев Ахматали Садырбекович – 96 добуш (0,24%);

         11. Досалиев Эльмир Акуналыевич – 6071 добуш (15,05%);

         12. Абдырахманов Сагынбек Уметалиевич – 257 добуш (0,64%);

         13. Кожокулова Гуля Ахматкуловна – 1214 добуш (3,01%);

         14. Осмонбетова Венера Кубанычбековна – 152 добуш (0,38%);

         15.  

         16. Иманбек кызы Бактыгул – 305 добуш (0,76%);

         17. “Баарына каршы” – 998 добуш (2,47%).

№22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жалпы 3 арыз (даттануу) келип түштү, анын ичинен Борбордук шайлоо комиссиясына 1 арыз (даттануу), Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 1 арыз (даттануу) жана округдук шайлоо комиссиясына 1 арыз (даттануу)  келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).

№ 22 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Бекешев Дастан Далабайевич;  

- Ибрагимов Болот Адылбекович;

- Кожокулова Гуля Ахматкуловна.  

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                           Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-декабры

№ 174