№170

27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 120 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 157 463 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 61 465 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 39,03% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 53 861 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 34,21% түздү.

7 604 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,83% түздү.

№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 25 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 24 талапкер катышты.

№27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

  1. Алымбеков Искендер Кенешбекович3 205 добуш (5,27%);
  2. Дубанбаева Анар Сартбаевна203 добуш (0,33%);
  3. Намазова Бурул Тилековна926 добуш (1,52%);
  4. Качкынов Самат Турганбекович1 232 добуш (2,03%);
  5. Султанов Каныбек Султанович4 510 добуш (7,42%);
  6. Муратбеков Табылды Муратбекович5 992 добуш (9,86%);
  7. Шабданбаев Канат Кенешович2 905 добуш (4,78%);
  8. Сураналиев Талгат Чыныбекович1 321 добуш (2,17%);
  9. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич13 445 добуш (22,13%);
  10. Асамудинов Бактыбек Асанович270 добуш (0,44%);
  11. Атаев Акжол Сабырбекович1 247 добуш (2,05%);
  12. Таалайбеков Тагир Таалайбекович1 180 добуш (1,94%);
  13. Исаматова Айзат Тыныбековна1 757 добуш (2,89%);
  14. Джаилов Таалайбек Карыпович2 285 добуш (3,76%);
  15. Молдобекова Гулкан Сакиновна5 156 добуш (8,48%);
  16. Джумабекова Акылсайра Кадыралиевна1 004 добуш (1,65%);
  17. Асанкулова Алтынай Джолучуевна3 000 добуш (4,94%);
  18. Озбекова Женишгул Авазовна1 926 добуш (3,17%);
  19. Мерканов Адилет Асанович668 добуш (1,10%);
  20. Супатаева Альфира Илиясовна1 319 добуш (2,17%);
  21. Деркимбаева Асель Урусовна1 837 добуш (3,02%);
  22. Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековна648 добуш (1,07%);
  23. Асакеев Ринат Сапарбекович1 161 добуш (1,91%);
  24. Алымбаева Эльнура Сталиковна2 288 добуш (3,77%);
  25. “Баарына каршы” 1 281 добуш (2,11%).

№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко  арыз (даттануу) келип түшкөн жок.

№ 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич;

- Муратбеков Табылды Муратбекович;

- Молдобекова Гулкан Сакиновна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-декабры

170