№169

15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№ 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 104 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 160 200  шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 68 228 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 42,59% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 59 691 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 37,26% түздү.

8 537 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 5,33% түздү.

№ 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 15 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 15 талапкер катышты.

№ 15 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы     № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Керимбаев Мураталы Топчубаевич – 3 693 добуш (5,47%);

2. Умаров Адыл Умарович – 2 491 добуш (3,69%);

3. Эшбаева Миргүл Алманбетовна – 1 405 добуш (2,08%);

4. Абдибаева Айсаракан Нышановна – 3 988 добуш (5,91%);

5. Абдибаева Салтанат Нышановна – 551 добуш (0,82%);

6. Эрбаев Алишер Ташбаевич – 8 179 добуш (12,12%);

7. Туманбаева Рада Мураталыевна – 2 494 добуш (3,70%);

8. Мамыралиев Бектемир Кудайбердиевич – 2 692 добуш (3,99%);

9. Мырзаев Мирлан Жумадилович – 259 добуш (0,38%);

10. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – 10 713 добуш (15,87%);

11. Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%);

12. Өнөрбаева Рахия Райымбековна – 1 434 добуш (2,12%);

13. Нариманов Тургунбек Нариманович – 4 770 добуш (7,07%);

14. Нышанов Джайлообай Данибаевич – 5 865 добуш (8,69%);

15. Кулбаева Зулайка Эшматовна – 1 291 добуш (1,91%);

16. “Баарына каршы”  – 537 добуш (0,80%).

№ 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 7 арыз (даттануу) келип түштү.

Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).

№ 15 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы       № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Тургунбек уулу Нурланбек;

- Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;

- Абдибаева Айсаракан Нышановна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                           Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-декабры

№ 169