№168

20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 64 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 128 180 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 31 602 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 24,65% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 27 357 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 21,33% түздү.

4 245 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 3,31% түздү.

№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 18 талапкерди каттады. 1 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 17 талапкер катышты.

№ 20 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – 3 825 добуш (12,31%);

2. Курманбекова Бермет Курманбековна – 983 добуш (3,16%);

3. Байтемирова Гуляим Кудайбердиевна – 442 добуш (1,42%);

4. Алымбеков Максат Джумакадырович – 2 867 добуш (9,23%);

5. Мухидинов Оятулло Нуралиевич – 1 102 добуш (3,55%);

6. Ташибекова Гульнара Адыловна – 840 добуш (2,70%);

7. Алыбаева Жаңыл Ишенбековна – 564 добуш (1,82%);

8. Намазалиев Алтынбек Абдисаламович – 1 790 добуш (5,76%);

9. 

10. Кермалиев Таалайбек Женишович – 1 727 добуш (5,56%);

11. Болгонбаев Азамат Таалайбекович – 1 236 добуш (3,98%);

12. Айтиев Темирлан Тынычбекович – 9 021 добуш (29,04%);

13. Асекова Гулмира Асанкуловна – 810 добуш (2,61%);

14. Ибраимова Малика Багдатовна – 530 добуш (1,71%);

15. Разиков Аброр Джононович – 800 добуш (2,58%);

16. Абдыгулова Асель Мисировна – 523 добуш (1,68%);

17. Ашымбаева Токтобүбү Абасовна – 1 249 добуш (4,02%);

18. Ташматов Сапар Планович – 974 добуш (3,14%);

19. “Баарына каршы” – 1 779 добуш (5,73%).

№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө № 20 округдук шайлоо комиссиясына
жалпы 9 билдирүү келип түштү.
Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

№ 20 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы       № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Айтиев Темирлан Тынычбекович;

- Атамбаев Сеидбек Алмазбекович;

- Ашымбаева Токтобүбү Абасовна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 7-декабры

168