№166

30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№ 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 103 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 136 461 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 62 206 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 45,59% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 575 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 35% түздү.

13 631 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 9,99% түздү.

№ 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 14 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 14 талапкер катышты.

№ 30 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Жайлообаев Айбек Токтогонович – 1 936 добуш (3,14 %);

2. Сыдыков Мурадил Жанышбекович – 10 422 добуш (16,9 %);

3. Куленбеков Ырысбек Кырманчиевич – 255 добуш (0,41 %);

4. Нурдинов Бейшеналы – 2 474 добуш (4,01 %);

5. Бакасов Улан Болотбекович – 11 411 добуш (18,5 %);

6. Самыйкожо Мирлан – 5 724 добуш (9,28 %);

7. Мыктыбекова Айдана Мыктыбековна   – 363 добуш (0,59 %);

8. Капаров Чынгыз Капарович – 544 добуш (0,88 %);

9. Осмоналиева Ханзада Исаковна – 2 383 добуш (3,86 %);

10. Самаков Кубанычбек Карганбекович – 13 333 добуш (21,62 %);

11. Абдыкадыров Адылбек Бейшембаевич – 2 164 добуш (3,51 %);

12. Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна – 1 003 добуш (1,63 %);

13. Жумаканов Мустафа Бейшебаевич – 1 470 добуш (2,38 %);

14. Таалайбек кызы Жылдыз   – 7 243 добуш (11,75 %);

15. “Баарына каршы” 942 добуш (1,53%).

№ 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко  жалпы 9 арыз (даттануу) келип түштү.

Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).

№ 30 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Самаков Кубанычбек Карганбекович;

- Бакасов Улан Болотбекович;

- Таалайбек кызы Жылдыз.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-декабры

166