№164

29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 102 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 137 758 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 56 307 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 40,87% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 46344 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 33,64%  түздү.

9 963 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 7,23% түздү.

№ 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 13 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 13 талапкер катышты.

№ 29 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы    
№29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

  1. Белеков Адилет Чолпонбекович – 9 535 добуш (17,11%);
  2. Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович – 13 067 добуш (23,45%);
  3. Ибраев Талантбек Жекшенович – 505 добуш (0,91%);
  4. Токтомамбетов Аманкул Жапарбекович – 2 986 добуш (5,36%);
  5. Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековна – 659 добуш (1,18%);
  6. Эдилбеков Чолпонбек – 827 добуш (1,48%);
  7. Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна – 6 688 добуш (12%);
  8. Тыналиев Айжигит Казакбаевич – 5 471 добуш (9,82%);
  9. Таштанбекова Мадина Таштанбековна – 541 добуш (0,97%);
  10.  Куручбеков Аскарбек Бактыбекович – 1 905 добуш (3,42%);
  11.  Эсенканова Айзада Сатарбековна – 265 добуш (0,48%);
  12.  Абыкеев Темирболот Асаналиевич – 5 133 добуш (9,21%);
  13.  Кулбараков Абтандил Илдузович – 6 789 добуш (12,18%);
  14.  “Баарына каршы” – 1 363 добуш (2,45%).

№29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз (даттануу) келип түшкөн жок.

№ 29 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович;

- Белеков Адилет Чолпонбекович;

- Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                      Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-декабры

164