№161

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2025-жылдын 1-октябрындагы №88 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чектери жөнүндө” токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу № 13 көп мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чеги бекитилген.

         № 13 көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 94 шайлоо участогу түзүлгөн.

         № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 160 344 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен АЭУнун алдын ала жыйынтыгы боюнча 76 721 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 47,85% түздү.

         Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 14 талапкерди каттаган:

1. Нышанов Сайдулла Канболотович;

2. Мамытов Талант Турдумаматович;

3. Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович;

4. Курбаналиев Жаныбек Масабирович;

5. Жээнбекова Гулназ Камытовна;

6. Маматалиева Мунара Даниярбековна;

7. Джураева Чинара Муратовна;

8. Абдалиев Мейкинбек Акимович;

9. Карабекова Айгүл Асановна;

10. Саипов Айбек Сатыбекович;

11. Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна;

12. Султанова Олмаскан Абдыкапаровна;

13. Алтынбеков Айбек;

14. Сыдыков Бактыбек Усенович.

         № 13 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 1-декабрындагы №5 чечими менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, № 2410 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

         2025-жылдын 2-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясына арыздар, билдирүүлөр жана кайрылуулар келип түшкөн, ошондой эле социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тарабынан № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бир катар шайлоо участокторунда жарандардын шайлоо укуктарынын одоно бузулушуна жол берилгендиги көрсөтүлгөн фото жана видеоматериалдар таратылган. Шайлоочулардын эрк-ниетине таасир этүү жана добуштарды сатып алуу фактылары тууралуу маалыматтар келип түшкөн, бул социалдык тармактарда жарыяланган конкреттүү фото жана видео далилдер менен тастыкталган.

         Жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар массалык жана системалуу мүнөздө болуп, шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасирин тийгизди. Бул жагдайлар шайлоонун жыйынтыгы чыныгы эркин, калыс, ачык жана кынтыксыз эркти чагылдырарына олуттуу күмөн саноолорду жаратат, ошондой эле шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир этет.

         Конституциялык мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү тутуму менен жабдылган жана жазуу буюмдары менен камсыздалган атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, видео-белгилөө жабдуусу, башка зарыл жабдуу, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр жана автоматтык эсептөөчү урналар жайгаштырылат.”.

         Келип түшкөн арыздарды жана билдирүүлөрдү текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участокторунда добуш берүү күнү орнотулган камералардан алынган видео жазууларды карап чыкты.

         Конституциялык мыйзамга ылайык, талапкердин байкоочусу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган, комиссиянын ишине тоскоолдук кылбаган жана шайлоочулардын жашыруун добуш берүүсүн бузбаган, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана анын жыйынтыгын чыгарууга тоскоолдук кылбаган жерден жеке өзү сүрөткө, видеого жана аудио жазууга укуктуу.

         Текшерүүнүн жыйынтыгында 35 шайлоо участогунда талапкерлердин байкоочу катары катталган өкүлдөрү добуш берүү күнү мыйзамсыз түрдө камераларды орнотуп, шайлоочулардын идентификациядан өтүү, бюллетендерди алуу, толтуруу жана автоматтык

эсептөөчү урнага салуу учурундагы аракеттерин, добуш берүү процессинде көзөмөлдүк кылып, алардын эркин билдирүүсүнө жана добуш берүүнүн жашырындуулук принцибине каршы келгендиги аныкталды.

         Конституциялык мыйзамдын 37-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык: “Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.”.

         Жалпысынан 35 шайлоо участогунда 65 016 шайлоочу болгон, алардын ичинен 30 260 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул ушул округдагы шайлоого катышкан жалпы шайлоочулардын 39,44% түзөт.

         Конституциялык мыйзамдын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныйт:

         «эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса.”.

         Мында конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, “Эгерде шайлоону даярдоо, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурунда талапкер (талапкерлер) тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген же шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер (талапкерлер) боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу.”.

         Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин
4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө, 37-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

         1. Тиркемеге ылайык 35 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылсын.

         2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасы анык эмес деп таанылсын.

         3. Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесине ылайык, төмөнкү талапкерлер № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышууга жол берилбейт деп белгиленсин:

1) Нышанов Сайдулла Канболотович;

2) Мамытов Талант Турдумаматович;

3) Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович;

4) Курбаналиев Жаныбек Масабирович;

5) Жээнбекова Гулназ Камытовна;

6) Маматалиева Мунара Даниярбековна;

7) Джураева Чинара Муратовна;

8) Абдалиев Мейкинбек Акимович;

9) Карабекова Айгүл Асановна;

10) Саипов Айбек Сатыбекович;

11) Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна;

12) Султанова Олмаскан Абдыкапаровна;

13) Алтынбеков Айбек;

14) Сыдыков Бактыбек Усенович.

         4. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 3-декабры

№ 161