№ 154

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкɵн билдирмелердин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

  1. Тиркемеге ылайык Филиппин Республикасынын Шайлоолор боюнча комиссиясынын, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын, Түштүк Кореянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялансын.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.
  3. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын тɵрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктɵлсүн.

 

        Тɵрага                                                                                                           Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 24-ноябры

154