№152

Ош шаарындагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июнундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-главасын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Ош шаарындагы “Стомклиника” стоматологиялык клиникасынын имаратында жайгашкан № 5551 шайлоо участогунун дареги М. Куренкеев көчөсүнөн Юнусов көчөсүнө, “Терекзар” чайканасынын имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Ачык-Суу айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин эски имаратында жайгашкан № 5165 шайлоо участогунун дареги Кожомуратов көчөсү, 5тен Мурас көчөсү, 15ке Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлсүн.

3. Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаардык мэриясы менен биргеликте, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы Кашка-Суу айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 21-ноябры

№ 152