15.08.2025 №57

Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун тартибин, эрежелерин жана шарттарын жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому;

2) Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому;

3) Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2017-жылдын 4-октябрындагы № 494 токтому;

4) Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2020-жылдын 11-февралындагы № 43 токтому;

5) Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобо тууралуу” 2020-жылдын 26-июнундагы № 117 токтому;

6) Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 15-февралындагы
№ 41 токтому;

7) Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 694 токтомунун 1-пункту.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага                                                                                                 Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 15-августу

№ 57