№ 148

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкɵн билдирмелердин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча  борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

  1. Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын, Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Венесуэла Боливариандык Республикасынын Улуттук шайлоо органынын, Индонезиянын Шайлоо комиссиясынын, Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын, Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун, Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочулар катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.
  3. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын тɵрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктɵлсүн.

 

 

         Тɵрага                                                                                                            Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 19-ноябры

148