№ 145

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 18-ноябрындагы №6 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

  1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине “Калк Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сарымсакова Мукадасхан Рахмановна киргизилсин.
  2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери тиркемеге ылайык киргизилсин.
  3. Бул токтом Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

        Төрага                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек шаары, 2025-жылдын 18-ноябры

№ 145