№143

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы №41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-главасын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын №2211 шайлоо участогу З.Кутманова, 20 көчөсүндө жайгашкан Ю. Гагарин атындагы № 4 орто мектебинен З. Кутманова, 19 көчөсүндө жайгашкан № 5 Рахат бала бакчанын имаратына өзгөртүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айылындагы № 2216 шайлоо участоктун дареги Карла Маркса, 11 көчөсүндөгү № 3 орто мектебинен Сары-Бээ айылындагы Клубная, 8 көчөсүндөгү № 5 Гаухар бала бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

3. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Төш айылындагы Тагаев, 1 көчөсүндө жайгашкан № 68 Т.Сартбаев орто мектебиндеги №2001 шайлоо участкасынын дареги Төш айылындагы Төш көчөсү, 137 дарегинде жайгашкан Ак-Сай атындагы № 92 жалпы билим берүү мектебине өзгөртүлсүн.

4. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы Султанов, 22 көчөсүндө жайгашкан Б. Төрөгелдиев атындагы мектебиндеги № 2414 шайлоо участкасынын дареги Жалгыз-Жаңгак айылындагы Р. Санатбаев (н/ж) көчөсүндө жайгашкан С. Казакбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

5. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы Достук айылындагы Абдувахапов, 1 көчөсүндө жайгашкан № 2203 шайлоо участогу Достук маданият үйүнүн имаратынан Достук айылындагы Токтогул, 19 көчөсүндө жайгашкан №21 Фуркат атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлсүн.

6. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаева айыл аймагынын Масы айылындагы Турдумбетов, 50/1 көчөсүндөгү № 2170 шайлоо участогу Ж. Бөкөнбаев атындагы № 1 орто мектебинин имаратынан Масы айылындагы И. Турдумбетов № 55а көчөсүндөгу Масы спорт мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

7. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Сузак аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Дарыя жана Көк-Арт айыл өкмөттөрү, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы Бүргөндү-Достук жана Д. Садырбаев айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

8. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 16-ноябры

№ 143

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ