16.11.2025 №142 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Токтогул, Ош,

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Токтогул, Ош, Ноокат жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:

1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:

.Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы №7 Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңеши боюнча;

.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

.Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 6 Ош облусунун Ош шаардык кеңеши боюнча;

.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 24 Ош облусунун Ноокат районунун А. Мирмахмудов жана Т. Зулпуев айылдык кеңештери боюнча;

.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 5 Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча.

2) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун

негизинде, Жалал Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 8 чечими.

3)..“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 24 Ош облусунун Ноокат районунун А. Мирмахмудов жана Т. Зулпуев айылдык кеңештери боюнча;

.Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы №8 Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңеши.

4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1 бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

.Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 7 Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңеши боюнча;

.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

.Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 6 Ош облусунун Ош шаардык кеңеши боюнча;

.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 6 Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

.Лейлек, Токтогул, Ош, Ноокат жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

.Айтма Лейлек, Токтогул, Ош, Ноокат жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.

2..1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

3.. Лейлек, Токтогул, Ош, Ноокат жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4.. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 16-ноябры

№ 142