140

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун жана жыйынды таблицасынын формаларын бекитүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

  1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун жана жыйынды таблицасынын формалары 1, 2, 3, 4, 5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  2. Тийиштүү шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда ушул токтом менен бекитилген протоколдордун жана жыйынды таблицанын формаларын жетекчиликке алсын.
  3. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун формалары атайын форматтагы корголгон кагазда даярдалсын.
  4. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
  5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 14-ноябры

№ 140