№137

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкɵн билдирмелердин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

  1. Тиркемеге ылайык Болгария Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Египет Араб Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын, Ислам Кызматташтык Уюмунун, Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Япониянын Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Мажарстандын Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилигинин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын, Европадагы копсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялансын.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.
  3. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын тɵрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктɵлсүн.

 

        Тɵрага                                                                                                          Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 12-ноябры

137