№135

№ 22 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1..Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-октябрындагы № 90 “2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине 30 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 22-тиркемедеги №22 округдук шайлоо комиссиясынын курамына:

– Иманалиева Эркайым Дүрбөлөңовна берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;

.Калетова Гүлзина Сабиткановна комиссиянын курамына киргизилсин.

2..Бул токтом Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 11-ноябры

№ 135