№134

Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:

1) депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кабыл алынган):

.Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 8 Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңеши боюнча;

.Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 6 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;

.Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № 14 Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңеши боюнча;

.Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-октябрындагы № 12 Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңеши боюнча;

.Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-октябрындагы № 14 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңеши боюнча;

.Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № 4 Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак жана Чет-Нура айылдык кеңештери боюнча;

.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 11 Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңеши боюнча.

2).бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кабыл алынган):

.Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 8 Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңеши боюнча;

.Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № 14 Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңеши боюнча;

.Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-октябрындагы № 4 Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак жана Чет-Нура айылдык кеңештери боюнча;

.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 12 Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңеши боюнча.

3) бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 1-1 бөлүгүнө ылайык кабыл алынган):

.Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 7 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;

.Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-октябрындагы № 12 Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңеши боюнча;

.Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-октябрындагы № 15 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

.Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

.Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.

2..1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

3..Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4.. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 10-ноябры

№ 134