№133

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускамага толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (2025-жылдын 9-июнундагы № 113) 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 45 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускамага төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

– Чүчүкулакты уюштуруу жана өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин ичинен беш адамдан кем эмес санда турган чүчүкулак боюнча Топ түзүлөт.;

– 5-пункттагы “Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү” деген сөздөрдөн кийин “,Топтун мүчөлөрү” деген сөздөр менен 3-абзац толукталсын;

– 7-пункттагы “залда катышып отургандардын” деген сөздөрдөн кийин “Топтун мүчөлөрүнүн” деген сөздөр менен 2-абзац толукталсын;

2. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 6-ноября

№ 133