№132

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын чегинен жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (2025-жылдын 3-ноябрындагы № 13-025/22360, 2025-жылдын 5-ноябрындагы 13-025/22571) сунуштарынын, № 24 округдук шайлоо комиссиясынын (2025-жылдын 4, 5-ноябрындагы № 4/2, № 5/1) чечимдеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 48 токтому менен бекитилген “Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2 жана 13-1-беренелерине жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

  1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу үчүн № 24 округдук шайлоо комиссиясынын чечимдерине ылайык түзүлгөн 3 шайлоо участкасы бекитилсин (тиркелет).
  2. № 24 округдук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитсин.
  3. № 24 округдук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиялары түзүүдө мурдагы шайлоолордо жана референдумдарда комиссиялардын курамдарын эске алуу сунушталсын.
  4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана № 24 округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
  5. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

       Төрага                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 5-ноябры

№ 132