№130

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкɵн билдирмелердин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

  1. Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин, Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясынын, Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын, Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилигинин өкүлдөрү тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялансын.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
  3. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын тɵрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктɵлсүн.

 

         Тɵрага                                                                                                          Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 2-ноябры

№ 130