№125

Бишкек шаарындагы № 1165 шайлоо участогунун

дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июнундагы №41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-главасын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарындагы № 37 мектептин имаратында жайгашкан № 1165 шайлоо участогунун дареги Белорус көчөсү, 37/1ден Көк-Жар кичи району, №3 үйгө №404 МАБдын мурдагы имаратына өзгөртүлсүн.

2. № 22 округдук шайлоо комиссиясы Октябрь административдик району менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 29-октябры

№ 125