№122

№ 5, 14, 15, 25 округдук шайлоо комиссияларынын

курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1..Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-октябрындагы № 90 “2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине 30 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1).Жогорудагы токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 5-тиркемеде белгиленген № 5 округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

.Жолдошов Бектур Мырзакулович, Исмаил кызы Албина комиссиянын курамынан чыгарылсын;

.Нурбаев Эрмек Адылбекович, Тойчуев Заравшанбек Жакыпович комиссиянын курамына киргизилсин.

2).Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 14-тиркемеде белгиленген № 14 округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

.Мусаева Миргул Мамытбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

.Исраилов Улан Токтоналыевич комиссиянын курамына киргизилсин.

3).Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 15-тиркемеде белгиленген № 15 округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

.Аманбаев Нуралы Темиркулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

– Орозалы кызы Дамира комиссиянын курамына киргизилсин.

4).Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 25-тиркемеде белгиленген № 25 округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

.Манапова Айнура Орузбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

.Сыдыгалиева Гульзат Кенешбековна комиссиянын курамына киргизилсин.

2..Бул токтом Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 27-октябры

№ 122