№121

Кочкор жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын

курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы№176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссиясынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралындагы № 13 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

.жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан сунушталган Өмүрканов Тенизбек Акимович берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;

.жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан сунушталган Камчыбекова Марипа резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

.“Ынтымак” саясий партиясы тарабынан сунушталган Эсенбекова Нурзада Эсенбековна берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;

.“Эл Үмүтү” саясий партиясы тарабынан сунушталган Мадылбаева Жумагүл Раевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.


 

Төрага Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 27-октябры

№ 121