№119

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкɵн билдирмелердин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

  1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын, Кыргыз Республикасындагы Беларусь Республикасынын Элчилигинин жана Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Элчилигинин өкүлдөрү тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялансын.
  2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
  3. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын тɵрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктɵлсүн.

 

                Тɵрага                                                                            Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 24-октябры

№ 119