№117

Бишкек шаарындагы, Баткен облусунун Баткен районундагы, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Токтогул райондорундагы, Чүй облусунун Москва районундагы, Ысык-Көл облусунун Тоң, Ысык-Көл, Ак-Суу райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июнундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-главасын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарындагы № 37 мектептин имаратында жайгашкан № 1165 шайлоо участогунун дареги Белорус көчөсү, 37/1ден Улан кичи району, 25/1ге “Приоритет” жеке мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Баткен облусунун Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы башталгыч мектептин имаратында жайгашкан № 8198 шайлоо участогунун дареги Тынчтык көчөсү, 7ден Алма-Бак көчөсү, № 2/5ке Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы
А. Жайнаков орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Баткен облусунун Баткен районунун Достук айылындагы Достук орто мектебинин имаратында жайгашкан № 8070 шайлоо участогунун дареги Достук көчөсү, 3төн Баткен облусунун Баткен районунун Достук айылындагы № 72 үйгө өзгөртүлсүн.

4. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Камыш-Башы айылында жайгашкан № 2014 шайлоо участогунун дареги Дыйкан-Ата көчөсү, 25тен А. Мадеминов көчөсү, 3кө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Садда айылындагы Садда орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

5. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенка айылында жайгашкан № 2012 шайлоо участогунун дареги О. Шемаев көчөсү, 127ден О. Шемаев көчөсү 137ге Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенка айылындагы А. Гайдар атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

6. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы спорт комплексинде жайгашкан № 2393 шайлоо участогунун дареги Тиллебай ажы көчөсүнөн ушул эле көчөгө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы жайгашкан № 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имаратына өзгөртүлсүн.

7. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ажек айылындагы маданият үйүндө жайгашкан № 2285 Комсомол шайлоо участогунун дареги Комсомол көчөсү 53кө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ажек айылындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

8. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылындагы маданият үйүндө жайгашкан № 2273 шайлоо участогунун дареги С. Мамажанова көчөсү, 26га Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылындагы Ы..Чаңгылов орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

9...Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы орто мектептин имаратында жайгашкан № 2354 шайлоо участогунун дареги Карымшаков көчөсү, 57ге Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы А. Ибраимов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

10. .Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Туу айылындагы Бримкулов орто мектебинин имаратында жайгашкан № 2225 шайлоо участогунун дареги Мүлкүбат көчөсү, 30га Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Туу айылындагы Мүлкүбат орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

11...Чүй облусунун Москва районунун Кепер-Арык айылындагы Артыкбаев атындагы орто мектепте жайгашкан № 7309 шайлоо участогунун дареги Белек көчөсү, 3Адан Апылтаева көчөсү, 10Ага Чүй облусунун Москва районунун Кепер-Арык айылындагы маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

12. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тегизчил айылындагы бала бакчанын имаратында жайгашкан № 3128 шайлоо участогунун дареги Рахмат көчөсү, 54кө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тегизчил айылындагы К..Эшимбеков атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

13. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылындагы орто мектептин имаратында жайгашкан № 3125 шайлоо участогунун дареги Кожокматова көчөсү, 29га Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылындагы мурдагы айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

14..Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Б. Мамбетов айыл аймагындагы К. Тилеков орто мектебинин имаратында жайгашкан
№ 3223 шайлоо участогунун дареги Абатай көчөсү, 53төн Байсерке көчөсү 42ге Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Б. Мамбетов айыл аймагындагы М. Байсеркеев атындагы маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

15. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Корумду айылында жайгашкан № 3034 шайлоо участогунун дареги Сокубай көчөсү, 45ке Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы К. Орозов орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

16..Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жайгашкан № 3037 шайлоо участогунун дареги Садыр аке көчөсү, 30га Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы А.С..Пушкин атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

17. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кожояр айылында жайгашкан № 3040 шайлоо участогунун дареги Кожояр көчөсү, 36га Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы спорт залдын имаратына өзгөртүлсүн.

18..Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы спорт залдын имаратында жайгашкан № 3254 шайлоо участогунун дареги Ж. Абдрахманов көчөсү, 174төн Ж. Абдрахманов көчөсү, 177Ага Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

19..Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы мурдагы айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан № 3052 шайлоо участогунун дареги Мамытов көчөсү, 73кө Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы К. Жылкыбаев атындагы маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

20..Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылындагы Ж. Бейшекеев атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан № 3047 шайлоо участогунун дареги Шадыканов көчөсү, 4кө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылындагы ФАПтын имаратына өзгөртүлсүн.

21..Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы музейдин имаратында жайгашкан № 3043 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсү, 120Вдан Ленин көчөсү, 120Ага Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы Б. Чаргынов атындагы маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

22. № 22 округдук шайлоо комиссиясы Октябрь административдик району, №2 шайлоо комиссиясы Ак-Татыр, Кара-Бак айыл өкмөттөрү, № 11 округдук шайлоо комиссиясы Сузак, Барпы айыл өкмөттөрү, № 15 округдук шайлоо комиссиясы Т. Балтагулов, Айры-Там айыл өкмөттөрү, № 14 округдук шайлоо комиссиясы Токтогул шаардык мэриясы, Э. Иманалиев айыл өкмөтү, № 18 округдук шайлоо комиссиясы Ак-Суу айыл өкмөтү, № 27 округдук шайлоо комиссиясы Алтын-Арашан айыл өкмөтү, № 28 округдук шайлоо комиссиясы Б. Мамбетов айыл өкмөтү, № 27 округдук шайлоо комиссиясы Чолпон-Ата шаарынын мэриясы, Шайыбек ата, Жусуп Абдрахманов айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

23. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

24..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.


 

Төрага                                                                                                                       Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 24-октябры

№ 117