№116

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 6, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 73 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентинин 53-пунктунун 3, 4 абзацтарына жана 55-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Койчукеев Нурлан Чокоевич Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотулсун.

2.. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна Конуров Бахадыр Арунович шайланды деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                        Т. Шайназаров


                    

Бишкек ш., 2025-жылдын 23-октябры

№ 116