№114

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын

курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссиясынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралындагы № 13 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

1.жогоруда аталган токтом менен бекитилген 5-тиркемедеги:

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Дыйканбаева Суюмкан Сыргабаевна, Абдыкадыров Асылбек Ашимбекович берген арыздарына ылайык Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Төлөнов Тасмабек Асанович, Сайпидинов Жоробай Жумабаевич резервден Ноокен аймактык шайлоо комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.


 

Төрага Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 22-октябры

№ 114