Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 39 “Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө Жобо тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 39 “Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө Жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө жободо:
1) 4-пункттагы “аймактык шайлоо комиссияларындагы” деген сөздөрдөн кийин “шаардык, айылдык кеңештердин, облустардын” деген сөздөр менен толукталсын;
2) 6-пункттагы “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 7-пунктта “шайлоо комиссияларынын,” деген сөздөрдөн кийин “шаардык, айылдык кеңештердин,” деген сөздөр менен толукталсын;
4) 12-пунктта:
- биринчи абзацта “участоктор боюнча,” деген сөздөрдөн кийин “шаардык жана айылдык кеңештердин” деген сөздөр менен толукталсын, «райондордун жана шаарлардын» деген сөздөр алып салынсын;
- төртүнчү абзацта “шайлоо комиссияларынын” деген сөздөрдөн кийин “шаардык жана айылдык кеңештердин” деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзац алып салынсын;
- тогузунчу, он экинчи абзацтар тиешелүү түрдө сегизинчи, он биринчи абзацтар деп эсептелсин;
5) 16-пунктта:
- “техникалык оператор” деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси техникалык оператор болуп саналат.”.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-ж. 25-сентябры
№ 113