№113

Ак-Талаа, Жети-Өгүз, Каракол, Манас шаардык, Аксы жана Ноокат
аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:

1) депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин
2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кабыл алынган):

.Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 7 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңеши боюнча;

.Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 15-октябрындагы № 12 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон жана Жаргылчак айылдык кеңештери боюнча;

.Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 5 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;

.Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы № 11 Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңеши боюнча;

.Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 7-октябрындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айылдык кеңеши боюнча;

.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 21 Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылдык кеңеши боюнча.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 6 Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңеши боюнча каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктуна жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кабыл алынган):

3).бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кабыл алынган):

.Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 7 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңеши боюнча;

.Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 12 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон жана Жаргылчак айылдык кеңештери боюнча;

.Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 7-октябрындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айылдык кеңеши боюнча;

.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 21 Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңеши боюнча.

4) бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 1-1 бөлүгүнө ылайык кабыл алынган):

.Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 6 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;

.Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 11 Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

.Ак-Талаа, Жети-Өгүз, Каракол, Манас шаардык, Аксы жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

. Ак-Талаа, Жети-Өгүз, Каракол, Манас шаардык, Аксы жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.

2.. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

3.. Ак-Талаа, Жети-Өгүз, Каракол, Манас шаардык, Аксы жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4..Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

  Төрага                                                                                                                   Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 22-октябры

№ 113

маалымкат-негиздеме