Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шайлоочулардын электрондук форматтагы арыздарын берүү, кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартибин белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жободо:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.”
2) 5-пунктта:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Борбордук шайлоо комиссиясы “Шайлоочунун кабинети” сервисинин укук ээси жана кармоочусу болуп саналат.”;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси техникалык оператор болуп саналат.”.
3) 6-пунктта:
а) жетинчи абзацта “булуттук электрондук кол тамга (БЭК)” деген сөздөр “санариптик кол тамга” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “бул” деген сөз алып салынсын;
б) сегизинчи абзацта “округдук”, “ОШК” деген сөздөр алып салынсын.
4) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Шайлоочунун кабинетине” кирүү бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасы (СК, eID-карта, QR) аркылуу белгиленген тартипте авторизациялоодон же Face ID бет геометриясынын жардамы менен авторизациялоодон кийин берилет.
Шайлоочуну “Шайлоочунун кабинетинде” идентификациялоо, аутентификациялоо жана авторизациялоо үчүн СКнын болушу зарыл.
Бирдиктүү идентификациялоо системасын (мындан ары – БИС) пайдалануу менен санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.”;
5) 21-пунктта:
а) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“- маалыматтык толтуруу жана иштетүү боюнча иштерди уюштуруу;”;
б) экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи абзацтар тиешелүү түрдө үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтар болуп эсептелсин;
в) төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу абзацтар менен толукталсын:
“- санкцияланбаган кирүүдөн, бөгөттөөдөн, берүүдөн, ошондой эле алардын кокустан же санкцияланбаган жок кылынышына, өзгөртүлүшүнө же жоголуп кетишине жол бербөө үчүн маалыматтын корголушун камсыздоо;
- маалыматтын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле ченемдик тартипте белгиленген маалыматка жетүү режимин камсыздоо;
- тышкы маалыматтык-телекоммуникациялык тарамдар, Интернет тарамы менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
- ички регламентте аныкталган башка аракеттер.”.
6) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүм менен толукталсын:
“6-бөлүм. Корутунду жобо”.
7) төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
“Ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен жөнгө салынат.”.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-ж. 25-сентябры
№ 112