№111

Бишкек шаарындагы, Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы жана Базар-Коргон, Аксы райондорундагы, Ош облусунун Араван районундагы, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы, Чүй облусунун Кемин, Чүй райондорундагы жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июнундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-главасын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Бишкек шаарындагы “Маариф” билим берүү комплексинин имаратында жайгашкан № 1162 шайлоо участогунун дареги А. Токомбаев көчөсү, 9/1ден А. Токомбаев көчөсү, 23/11ге Бишкек шаарындагы “Газпром” мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Республикалык балдардын олимпиадалык резерв жатак мектебинин имаратында жайгашкан № 2098 шайлоо участогунун дареги Пушкин көчөсү, 148Адан Пушкин көчөсү, 152ге Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Эл аралык университеттин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылындагы Ж. Асанов атындагы № 9 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 2137 шайлоо участогунун дареги С. Досов көчөсү, 148ден С. Досов көчөсү, 140ка Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылындагы айылдык маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

4. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылындагы Ж. Канашов атындагы № 32 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 2148 шайлоо участогунун дареги С. Матишев көчөсүнөн Кулбаев көчөсүнө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылындагы А. Тарыхчиев атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

5. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кара-Ой айылындагы Жусубалы уулу Жолдош атындагы № 41 орто мектептин имаратында жайгашкан № 2454 шайлоо участогунун дареги М. Култаев көчөсү, 7ден Ш. Орозбаев көчөсүнө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кара-Ой айылындагы Жусубалы уулу Жолдош атындагы жаңы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

6. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Колот айылындагы Т. Исак атындагы № 35 орто мектептин имаратында жайгашкан № 2130 шайлоо участогунун дареги К. Шамурза көчөсү, 35тен Ш. Калыков көчөсү, 29га Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Колот айылындагы машыктыруучу спорт залынын имаратына өзгөртүлсүн.

7. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Кашка айылындагы С. Жоробаев атындагы № 65 орто мектептин имаратында жайгашкан № 2432 шайлоо участогунун дареги А. Кадыркулов көчөсү, 14төн А. Кадыркулов көчөсү, 10го Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Кашка айылындагы “Учкун” бала бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

8. Ош облусунун Араван районунун Интернационал айылындагы Эрке-Кашка атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан № 5519 шайлоо участогунун дареги Э. Хайтматов көчөсү, 24төн Э. Хайтматов көчөсү, 54кө Ош облусунун Араван районунун Интернационал айылындагы “Таң-Шоола” бала бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

9. Ош облусунун Араван районунун Араван айылындагы А. Сайдахматов атындагы маданият үйүнүн имаратында жайгашкан № 5353 шайлоо участогунун дареги М. Султанов көчөсү, 45тен М. Султанов көчөсү, 45ке Ош облусунун Араван районунун Араван айылындагы С. Юсупов айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

10. Ош облусунун Араван районунун Мангыт айылындагы маданият үйүнүн имаратында жайгашкан № 5518 шайлоо участогунун дареги Ак-Дарыя көчөсү, 11ден Ак-Дарыя көчөсү, 15ке Ош облусунун Араван районунун Мангыт айылындагы “Гул Заман” бала бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

11. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы Ак-Чий айылдык клубунун имаратында жайгашкан № 4086 шайлоо участогунун дареги Ч. Секиев көчөсү, 33төн У. Турдуке көчөсү, 46га Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы М. Балбаков атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

12. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Д. Ажиев атындагы айылдык клубдун имаратында жайгашкан № 4092 шайлоо участогунун дареги А. Султаналиев көчөсү, 56дан С. Ынакбеков көчөсү, 68ге Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Э. Карасартов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

13. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы Т. Дуйшеев атындагы айылдык клубдун имаратында жайгашкан № 4096 шайлоо участогунун дареги А. Жумалиев көчөсү, 26дан О. Алыбаев көчөсү, 16га Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы А. Турдакунов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

14.Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы Калмурат атындагы маданият үйүнүн имаратында жайгашкан № 4097 шайлоо участогунун дареги Кубатаалы көчөсү, 80/1ден Кубатаалы көчөсү, 63кө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы А. Абдраимов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

15. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Жаңы-Талап айылдык клубдун имаратында жайгашкан № 4098 шайлоо участогунун дареги Ш. Бейшеналиев көчөсү, 32ден Ы. Мааназаров көчөсү, 32ге Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

16.Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кадыралы айылындагы С. Басылбеков атындагы клубдун имаратында жайгашкан № 4100 шайлоо участогунун дареги Н. Кулназаров көчөсү, 69/1ден Н. Кулназаров көчөсү, 83кө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кадыралы айылындагы А. Атамбеков атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

17. Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Түз айылындагы Ак-Түз айылдык китепканасынын имаратында жайгашкан № 7027 шайлоо участогунун дареги Алиев көчөсү, 14төн Мамутов көчөсү, 19га Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Түз айылындагы Ак-Түз орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

18. Чүй облусунун Кемин районунунКара-Булак айылындагы Кара-Булак айылдык клубунун имаратында жайгашкан № 7020 шайлоо участогунун дареги А. Малдыбаев көчөсү, 49/2ден А. Малдыбаев көчөсү, 60га Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылындагы К. Шаболотова атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

19. Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айылындагы Кош-Коргон айылдык клубунун имаратында жайгашкан № 7039 шайлоо участогунун дареги Каракеев көчөсү, 21ден Каракеев көчөсү, 24кө Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айылындагы Т. Каракеев атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

20. Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылындагы Ө. Исаев атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан № 7048 шайлоо участогунун дареги Жумашев көчөсү, 21ден Жумашев көчөсү, 21ге Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылындагы С. Ибраимов айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

21.Чүй облусунун Чүй районунун Калыгул айылындагы Калыгул айылдык клубунун имаратында жайгашкан № 7053 шайлоо участогунун дареги Бурулкан көчөсү, 14төн Бурулкан көчөсү, 23кө Чүй облусунун Чүй районунун Калыгул айылындагы Т. Оңолбаев атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

22. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылындагы “Жети-Өгүз” дарылоо курортунун имаратында жайгашкан № 3171 шайлоо участогунун дареги К. Кулубаев көчөсүнөн Кызыл-Жар көчөсүнө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылындагы Д. Иманов атындагы мектептин филиалынын имаратына өзгөртүлсүн.

23. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж. Аманбаев атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан № 3175 шайлоо участогунун дареги Мундузбай көчөсү, 40Ддан Мундузбай көчөсү, 40Ага Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы АВП “Кашка-Суу” ишканасынын имаратына өзгөртүлсүн.

24. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Октябрь административдик району, Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Манас шаардык мэриясы, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы Кеңеш, Сайдыкум, Арстанбап, Акман айыл өкмөттөрү, Аксы аймактык шайлоо комиссиясы Кош-Дөбө айыл өкмөтү, Араван аймактык шайлоо комиссиясы Дөбө-Коргон, С. Юсупов айыл өкмөттөрү, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы Баетов, Кара-Бүргөн, Тоголок Молдо айыл өкмөттөрү, Кемин аймактык шайлоо комиссиясы Кичи-Кемин айыл өкмөтү, Чүй аймактык шайлоо комиссиясы Биримдик айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

25. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

26..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

               Төрага                                                                                                                   Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 20-октябры

№ 111

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ