11.09.2024 №115 Токтогул, Токмок, Панфилов жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токтогул, Токмок, Панфилов жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү  З.Ч. Абдиеванын, Чому кызы М, Алмазбек кызы Ж, П.Н. Бошкоеванын,  А.Т. Шадыбекованын, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы И.К. Качкынованын, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Дж.С. Кулубаеванын, М.Р. Ибраимованын, Элдияр уулу Р. шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.С. Бугубаеванын каза болгондугуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1, 6-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын              2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө»  Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Абдиева Зульфия Чабакановна, Чому кызы Мээрим, Алмазбек кызы Жазгул, Бошкоева Перизат Нуршамиловна, Шадыбекова Алтынай Темиркуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;  
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Мамытова Бактыгул Автандиловна, Кенжегулов Нурсултан Тынчтыкбекович, Эргеш уулу Нурсултан, Каныбекова Айсулуу Каныбековна, Эсенова Айзат Адамкалыевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Качкынова Ишенкан Кыдыралиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ралдугина Наталья Васильевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Кулубаева Жылдыз Садырбековна, Ибраимова Меримкуль Рыспековна, Элдияр уулу Үрүстөм комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Токубаева Айгерим Аргеновна, Шабданова Айзада Каныбековна, Алымкулова Айнура Каныбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бугубаева Майрамкүл Султанбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кожоканова Гулкайыр Эсеновна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                    

Бишкек ш., 2024-жылдын 11-сентябры

№ 115

негиздеме-кат