11.07.2025 №36 Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ниязбеков Чингиз Сыдыкалыевичтин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– “Ишеним” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ниязбеков Чингиз Сыдыкалыевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Чолпонова Гулзина Ташиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2.Бул токтом Эркин-Тоо гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын м. а.                                                                         А. Жупуева

Бишкек ш., 2025-жылдын 11-июлу

№ 36