“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы
№ 149 токтому менен бекитилген “Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 149 “Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Ушул Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) добуш берүүдө шайлоочуларды жана референдумдун катышуучуларын (мындан ары – шайлоочулар) идентификациялоону жүргүзүү тартибин белгилейт, ошондой эле принтери бар идентификациялоочу түзүлүш менен иштөө тартибин жөнгө салат.”;
2) 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- биометрикалык маалыматтар – шайлоочуну санариптик идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу, жеке жактын физиологиялык жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн мүнөздөөчү санариптик маалыматтар;”;
3) 21-пункттун экинчи абзацындагы “МРЗ” деген сөз “MRZ-зонасынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “Түндүк” деген сөздөн кийин “(QR-код).” деген сөздөр менен толукталсын;
4) 22-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо колдун манжаларынын папиллярдык үлгүлөрү боюнча биометрикалык идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн учурда идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек жана катталган жери боюнча тиешелүү шайлоо округунун шайлоо бюллетени, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек жана бирдиктүү шайлоо округунун шайлоо бюллетени басып чыгарылат.”.
5) 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо беттин геометриясы боюнча идентификациялоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек (3-тиркеме) жана катталган жери боюнча тиешелүү шайлоо округунун шайлоо бюллетени, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек (3а-тиркеме) жана бирдиктүү шайлоо округунун шайлоо бюллетени автоматтык түрдө басып чыгарылат.”
6) 26-пунктта:
а) “Эгерде” деген сөз “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “пайда болот” деген сөз “көрсөтүлөт” деген сөз менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочу кайсы гана болбосун шайлоо участогунда добуш берүүгө катышууга укуктуу.”.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-ж. 25-сентябры
№ 110