№10

Аламүдүн, Кара-Балта, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Лейлек, Аксы, Сузак , Токтогул жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:

  1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

.Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-январындагы №1 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик Баатыр айылдык кеңеши боюнча;

.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 2-февралындагы №1 Чүй облусунун ЖКара-Балта шаардык кеңеши боюнча;

.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-февралындагы №2 Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айылдык кеңеши боюнча;

.Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралындагы №1 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңеши боюнча;

.Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 28-январындагы №3 Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айылдык кеңеши боюнча;

.Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралындагы №1 Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;

.Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-январындагы №1 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;

.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралындагы №2 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңеши боюнча;

.Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралындагы №1 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жана Ысык-Көл айылдык кеңештери боюнча;

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-январындагы №3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 9-пунктунун негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча депутатка карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши менен депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими.

2).Катталган талапкерди жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер.

.Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-январындагы №1 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик Баатыр айылдык кеңеши боюнча;

.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралындагы №2 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңеши боюнча.

3).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-февралындагы №2 Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айылдык кеңеши боюнча;

.Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралындагы №2 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңеши боюнча;

.Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 28-январындагы № 3 Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айылдык кеңеши боюнча;

.Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралындагы №1 Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;

.Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-январындагы №1 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;

.Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 4-февралындагы №4 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча;

.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралындагы №2 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңеши боюнча;

.Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралындагы №2 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жана Ысык-Көл айылдык кеңештери боюнча.

4) Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 2-февралындагы №2 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечим.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

.Аламүдүн, Кара-Балта, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Лейлек, Аксы, Сузак, Токтогул жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

.Аламүдүн жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;

.Кара-Балта, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Лейлек, Аксы, Сузак, Токтогул жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2..1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Кара-Балта, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Лейлек, Аксы, Сузак, Токтогул жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 9-февралы

№10