“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 “Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүү, жүргүзүү жана эсепке алуу тартибин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8, 14-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 “Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жободо:
1) 3-пунктта:
- сегизинчи абзацта “округ” деген сөздөн кийин “Президентти шайлоо боюнча” деген сөздөр “Президентти шайлоодо жана референдумда” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) он экинчи абзацта “жарандын” деген сөздөн кийин “чыгарылган” деген сөз менен толукталсын;
3) 7-пункттун бешинчи абзацы алып салынсын;
4) 11-пунктта:
- үчүнчү абзац алып салынсын;
- төртүнчү, он биринчи абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша үчүнчү, онунчу абзацтар деп эсептелсин;
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- каттоо дареги жоктор (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордо)”;
5) 14-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Арыздар иштелип чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы ушул Жобого 3 жана 4-тиркемелерге ылайык шайлоочулардын биротоло бүткөн тизмесин түзүү жана басып чыгаруу үчүн аларды ОШК/АШКга өткөрүп берет.”
6) 23-пунктта:
- “ОШК/” деген сөз алып салынсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө бирдиктүү шайлоо округу боюнча тиешелүү шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине бардык шайлоочулар киргизилет.”;
7) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүм менен толукталсын:
“5. ШЭБТнын иштешин уюштуруу”
“37. Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик порталды жүргүзүү боюнча ээси жана ыйгарым укуктуу органы болуп саналат. “Кызмат” мамлекеттик мекемеси техникалык оператор болуп саналат.
38. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- ШЭБТнын иштешин жана программалык-техникалык колдоосун камсыздоо;
- ШЭБТнын кибер коопсуздугун камсыз кылуу;
- уруксатсыз кирүүгө, бөгөттөөгө, берүүгө, ошого тете алардын кокустан же уруксатсыз жок кылынышына, өзгөртүлүшүнө жана жоготулушуна жол бербөө үчүн маалыматтын корголушун камсыздоо;
- маалыматтын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле ченемдик тартипте белгиленген маалыматка жетүү режимин камсыздоо;
- тышкы маалыматтык-телекоммуникациялык тарамдар, Интернет тарамы менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
- зарыл болгон учурда ШЭБТнын дизайнын жана түзүмүн өзгөртүү;
- кирүүнү чектөө саясатын ишке ашыруу;
39. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм иштерди координациялоону, ШЭБТны даярдалышын жана жаңыланышын камсыз кыла турган жооптуу кызматкерлерди аныктайт.».
8) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүм менен толукталсын:
“Корутунду жобо
40. Ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен жөнгө салынат”.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-ж. 25-сентябры
№ 109