Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Санариптик технологияларды шайлоо процессине киргизүү жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы №57 “Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 25-сентябры
№108