№106

Бишкек шаарынын, Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын, Ош облусунун Алай районунун жана Нарын облусунун Жумгал районунун айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июнундагы № 41 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби” жөнүндө жобонун 5-главасына таянып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Бишкек шаарындагы И.В. Гёте атындагы №23 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясынын имаратында жайгашкан № 1317 шайлоо участкасы Жибек-Жолу проспекти, 281ден Жибек-Жолу проспекти, 220ге Бишкек шаарындагы № 45 почта бөлүмүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бишкек шаарындагы № 89 жалпы орто мектептин имаратында жайгашкан № 1349 шайлоо участкасынын дареги Сатыбалдиев көчөсү, 1/1ден Ауэзов көчөсү, 1/2ге Бишкек шаарындагы “Азат” ААКнын имаратына өзгөртүлсүн.

3. Бишкек шаарындагы № 89 орто мектептин имаратында жайгашкан № 1350 шайлоо участкасынын дареги Сатыбалдиев көчөсү, 1/1ден “Учкун конушундагы Шабдан-Баатыр-Аксы көчөсүнө Бишкек шаарындагы № 54 мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратына өзгөртүлсүн.

4. Манас шаарындагы № 4 орто мектептин имаратында жайгашкан № 2097 шайлоо участкасынын дареги Эркиндик көчөсү, 51ден Бабкин көчөсү, 52ге Манас шаарындагы Балдар көркөм өнөр мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

5. Алай району, Талды-Суу айылы, 3-21 көчөсү дарегинде Памир-Алай айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн имаратында жайгашкан № 5119 шайлоо участкасынын дареги Талды-Суу айылындагы С. Умарходжаев атындагы № 41 орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

6. Жумгал району, Түгөл-Сай айыл өкмөтү, Т. Жээналиев көчөсү, 32 дарегинде Маданият үйүнүн имаратында жайгашкан № 4108 шайлоо участкасынын дареги Т. Жээналиев көчөсү, 23кө Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

7. Бишкек, Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиялары тийиштүү жергиликтүү аймактык башкармалыктар менен, Алай, Жумгал аймактык шайлоо комиссиялары Памир-Алай, Түгөл-Сай айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

8. Бул токтом “Эркин-Тоо”мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

                   Төрага                                                                                        Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 15-октябры

№ 106