10.09.2025 №72

Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14, 15, 16-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 13-беренелерин жетекчиликке алып, шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, токтом кылат:

 

1. Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө Жобосу тууралуу” 2020-жылдын 11-февралындагы № 40 токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын тизмеси маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497 токтомунун 2-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобосу жөнүндө” 2020-жылдын 11-февралындагы № 40 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2021-жылдын 29-августундагы № 666 токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 40 “Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 129 токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2024-жылдын 1-октябрындагы № 155 токтомунун 3-пункту.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                   Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 10-сентябры

№ 72