05.06.2025 №31

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов, Жайыл, Баткен, Лейлек, Кочкор жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:

.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-майындагы № 13 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

.Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-майындагы № 12 Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңеши боюнча;

.Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-майындагы № 5 Баткен облусунун Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңеши боюнча;

.Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-майындагы № 4 Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңеши боюнча;

.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын  02-июнундагы № 6 Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айылдык кеңеши боюнча;

.Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-майындагы № 3 Ысык-Көл облусунун районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча.

2).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн         1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

.Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-майындагы № 13 Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңеши боюнча;

.Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-майындагы № 5 Баткен облусунун Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңеши боюнча;

.Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-майындагы № 4 Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңеши боюнча;

.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 02-июнундагы № 7 Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айылдык кеңеши боюнча;

.Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-майындагы № 4 Ысык-Көл облусунун районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча.

3) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11- бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий

партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-майындагы № 14 Чуй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча чечими.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип  түшкөн чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

.Панфилов, Жайыл, Баткен, Лейлек, Кочкор жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык.

. Панфилов, Жайыл, Баткен, Лейлек, Кочкор жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.

2..Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

3.. Панфилов, Жайыл, Баткен, Лейлек, Кочкор жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4..Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана “Эркин-Тоо” гезитине жарыялансын.

5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                      Т. Шайназаров   

  

Бишкек ш., 2025-жылдын 5-июну

№ 31