03.09.2024 №112 Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 25-июлундагы № 91 токтому менен Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларында Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиялары түзүлгөн.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине,   «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, аймактык шайлоо комисияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын  2-сентябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, 2024-жылдын 5-августундагы кайрылуусуну, Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын протоколдорунун негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн талапкерлер 1-тиркемеге ылайык Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын  резервдери түзүлсүн.   
  2. Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардын талапкерлери, 2-тиркемеге ылайык киргизилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине келип түшкөн талапкерлердин документтерин кароо боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын 2-сентябрындагы чечимине ылайык, резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ѳкүлдѳрү Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамына 3-тиркемеге ылайык киргизилсин.
  4. Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 3-сентябры

№ 112