03.07.2025 №34

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:

.Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-июнундагы № 5 жана №6 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;

.Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 6 жана № 7 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев жана Бургөндү-Достук айылдык кеңештери боюнча;

.Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-июнундагы № 8 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Р. Абдыкадыров айылдык кеңеши боюнча;

.Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июнундагы № 9 Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңеши боюнча;

.Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 6 жана № 7 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;

.Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 15 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;

.Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-июнундагы № 1 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;

.Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы № 4 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча;

.Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 5 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңеши боюнча;

.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-июнундагы № 6 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;

.Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 9 Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча.

2) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча депутат каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы № 5 чечими.

3).Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечимдери

.Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-июнундагы № 1 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;

.Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы №5 Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча.

4).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

.Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 6 жана № 7 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев жана Бүргөндү-Достук айылдык кеңештери боюнча;

.Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 18-июнундагы № 9 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Р. Абдыкадыров айылдык кеңеши боюнча;

.Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылды 25-июнундагы № 10 Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңеши боюнча;

.Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 6 жана № 7 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңеши боюнча;

.Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 16 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;

.Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы № 4 жана № 5 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы, Баш-Кайыңды айылдык кеңештери боюнча;

.Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 5 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңеши боюнча;

.Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 9 Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча.

5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11- бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий

партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

.Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 13-июнундагы № 5 жана № 6 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кенеши боюнча;

.Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-июнундагы № 1 Чүй облусунун Кант шаардык кенеши боюнча;

.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 30-июнундагы № 6 Баткен облусунун Баткен шаардык кенеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

.Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

.Кант жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык;

.Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2..Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

3..Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4..Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага                                                                                   Т. Шайназаров

  

Бишкек ш., 2025-жылдын 3-июлу

№ 34