02.02.2024 №5 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын Мамашова Айсулуу Турусбековнага берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын Мамашова Айсулуу Турусбековнага берүү жѳнүндѳ

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депуттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары -Мыйзам) 64-берененин 4-бөлүгүнө биринчи абзацына ылайык, саясий партия алган мандаттарды бөлүштүрүүдө алгач, саясий партия алган мандаттардын жалпы санынын 30 пайыздан кем эмеси шайлоочулардын кыйла көп добушун алган аял талапкерлердин арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  (мындан ары - КР БШК) 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы №835 токтому менен конституциялык Мыйзамдын жогорудагы ченемдерине ылайык келтирилген (Аялдар үчүн резервге калтырылган мандаттардын саны партия алган мандаттардын жалпы санына жараша болот: 3) 7,  8, 9, 10 мандаттарды алганда 3 мандат резервге калтырылат деген редакцияда).

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ»  КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы №835 токтому Кыргыз Республикасынын БШКнын  расмий сайтына 2021-жылдын 15-декабрында жарыяланган, «Эркин-Тоо» газетасына 2021-жылдын 21-декабрында жарыяланган, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине 2021-жылдын 24-декабрында киргизилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын жана Жобонун талаптарына ылайык, КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы №836 токтому менен 2021-жылдын 28-ноябрында өткөрүлгөн бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары аныкталган.

Бул токтом «Альянс» саясий партиясы тарабынан даттанылып, Бишкек шаарынын Административдик сотуна арыз менен кайрылган, анда тѳмѳндѳгүлѳрдү өтүнгѳн:

1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы №835 токтомун жараксыз деп тануу»;

2) «Альянс» саясий партиясына аял талапкерлер үчүн 3 депутаттык мандаттын санын аныктоо бөлүгүндѳ, ошондой эле «Альянс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине Т. Оргалчаны шайланган депутат деп тануу бөлүгүндѳ «Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө» КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы №836 токтомун жараксыз деп тануу»;

3) «Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө» КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы №836 токтомунун 5-пунктунда  «Альянс» саясий партиясынан аял талапкерлер арасында бѳлүштүрүлүүгѳ тийиш болгон  2 депутаттык мандатты көрсөтүү, жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-пунктунда «Альянс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына Ж.К. Акаевди шайланды деп тануу боюнча КР БШК милдеттендирилсин.».

Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 21-декабрындагы чечими менен коюлган талаптын экинчи бөлүгү боюнча жогоруда көрсөтүлгөн арыз канаатандырылган, биринчи талабы боюнча 2021-жылдын 21-декабрындагы аныктамасы менен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

КР БШК тарабынан Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 21-декабрындагы чечими кассациялык тартипте даттанылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 28-декабрындагы токтому менен Административдик соттун чечими күчүндө калтырылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн Административдик соттун жана Жогорку соттун чечимдерин аткарууда КР БШК 2021-жылдын 28-декабрындагы №844 токтому менен «Альянс» саясий партиясы боюнча 7 депутат катталып, анын ичинен 2 аял депутат, анын катарында Ж.К. Акаев депутат болуп катталган.

Конституциялык Мыйзамдын 64-берененин 4-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобо тууралуу» КР БШКнын  токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы №835 токтомунда каралган аял талапкерлер үчүн резервделген квотаны сактоонун сандык көрсөткүчтөрүнүн  мыйзамдуулугу тартыш процессинде болгондугуна байланыштуу, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн соттордун чечимдеринин негизинде анын «мыйзамсыз» деп көрсөтүлгөндүгүн эске алып, соттук даттануулар аяктаганга чейин бош мандатты бѳлүштүрүү боюнча БШК аталган ченем актысын колдонгондо ыӊгайсыз соттук перспективанын пайда болуусуна мүмкүндүк жаралмак.

2022-жылдын 23-мартында Бишкек шаарынын Административдик соту аныктады: «Альянс» саясий партиясынын КР БШКга карата административдик доосу,  (үчүнчү жак: Оргалча Токтобүбү, Акаев Ж. К.) КР БШКнын 15.12.2021-ж. №835 токтомун анык эмес деп  деп тануу жөнүндө доосу - кароосуз калтырылсын». Бул соттук акт даттанылган эмес.

Бош мандаттын пайда болгондугуна байланыштуу, аял талапкерлер үчүн партия тарабынан алган мандаттардын 30% кем эмесин резервге калтырууну жөнгө салган шайлоо жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарын толук сактоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депуттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацына, КР  БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобого» (2021-жылдын 15-декабрындагы №835 редакциясында), «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. «Альянс» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Мамашова Айсулуу Турусбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

2. Мамашова Айсулуу Турусбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталсын.

3. Мамашова Айсулуу Турусбековнага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилсин.

4. Ушул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жиберилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                            Н.  ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 2-февралы

5