01.08.2025 №54 Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө жобого, ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча өзгөрүүлөр тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

                 Төрага                                                                                        Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 1-августу

№ 54