Башкы БШКнын ЧУА БШКнын Жоболору Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо …

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО - Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрү Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Жобо Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын «Тизме»  мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө ЖОБО жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө ЖОБО - Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына ... Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө жобо «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администратору жөнүндө Жобо «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө»  ЖОБО Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА ИНСТРУКЦИЯ о порядке сбора подписей избирателей в поддержку кандидата на должность Президента Кыргызской Республики ПОЛОЖЕНИЕ «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств фондов референдума (групп «за» игрупп «против»)» - Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке кирг “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын  өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө ЖОБО Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиб Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

2026-жылдын 19-августундагы

№ 84 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) максаттарын, милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана иш тартибин аныктайт.

Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине түзүлөт.

2. Жумушчу топ жарандардын, талапкерлердин жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоо укуктарынын кепилденишин камсыз кылуу, ошондой эле талапкерлердин шайлоо документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин жана аныктыгын текшерүү максатында түзүлөт.

3. Жумушчу топ өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

2. Жумушчу топтун милдеттери жана ыйгарым укуктары

4. Шайлоо документтеринин, анын ичинде талапкерлерди каттоо үчүн шайлоо комиссиясына электрондук жана/же кагаз алып жүрүүчүдө берилген кол коюу барактарынын аныктыгын жана алардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкештигин текшерүү Жумушчу топтун милдеттери болуп саналат.

5. Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн Жумушчу топ:

- бардык шайлоо документтеринин бар экендигин жана Президенттин кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын текшерүүнү;

- талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо үчүн документтерди кабыл алууну жана каттоо күбөлүктөрүн даярдоону;

- талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттоо үчүн документтерди кабыл алууну жана каттоо күбөлүктөрүн даярдоону;

- талапкерлердин өкүлдөрүн шайлоо комиссияларына дайындоого документтерди кабыл алууну жана каттоо күбөлүктөрүн даярдоону;

- ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн талапкерлерди колдогон шайлоочулардын колу коюлган кол коюу барактарын кабыл алууну;

- талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу шайлоочулардын колдорунун аныктыгын текшерүүнү;

- кол коюу барактарында камтылган колдорду жана шайлоочулар тууралуу маалыматтарды текшерүүдө талапкерлерге бирдей шарттарды камсыз кылууну;

- кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары боюнча отчёт даярдоону;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында талапкерлерди каттоо жөнүндө чечимдерди же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимдерди кароо жана кабыл алуу үчүн шайлоо документтериндеги маалыматтардын аныктыгын текшерүүнүн натыйжалары боюнча корутундуларды даярдоону;

- документтерди кабыл алуудан, талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдер даттанылган учурда зарыл болгон материалдарды даярдоону;

- талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген бардык шайлоо документтерин белгиленген тартипте жана мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө даярдоону жана Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат.

6. Талапкердин документтеринде талапкерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган дал келбестиктер табылган учурда Жумушчу топ документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде талапкерге бул дал келбестиктер тууралуу кабарлоого милдеттүү. Талапкер кабарлама алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди берүүгө укуктуу.

7. Иштин натыйжалары боюнча Жумушчу топ корутундулардын жана башка документтердин негизинде талапкерди каттоо жөнүндө, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө же аларды каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдердин долбоорлорун даярдайт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизет.

3. Жумушчу топтун курамы жана анын ишмердигинин уюштурулушу

8. Жумушчу топтун курамы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан так эмес санда бекитилет.

Жумушчу топтун жетекчиси Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн арасынан дайындалат.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке тартылган адистердин арасынан дайындалат.

Жумушчу топтун курамын өзгөртүү аны түзүү тартибиндей эле тартипте жүзөгө ашырылат.

9. Жумушчу топтун ишмердигин камсыздоо жана анын милдеттерин аткаруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүн жана соттук-эксперттик ишмердик чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартууга укуктуу.

10. Жумушчу топтун иши үчүн тартылуучу адистердин курамы Жумушчу топтун милдеттерине, талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтеринин көлөмдөрүнө, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында кароо үчүн зарыл материалдарды даярдоого кеткен убакытка жараша аныкталат жана Жумушчу топтун ишмердигинин ар кандай этаптарында өзгөрүшү мүмкүн.

11. Жумушчу топтун жетекчиси Жумушчу топтун ишмердигин жетектөөнү жүзөгө ашырат, зарылчылыкка жараша аны чакырат жана топтун мүчөлөрүнө тапшырмаларды бөлүштүрөт, ошондой эле кошумча адистерди жана эксперттерди ишке тартуу маселелерин чечет.

12. Жумушчу топтун жетекчисинин оозеки жана жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү Жумушчу топтун мүчөлөрү, анын ичинде келишимдик негизде ишке тартылган адистер тарабынан аткарылууга тийиш.

13. Жумушчу топтун чечимдери Жумушчу топтун жыйналыштарында Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү тарабынан добуш берүү жолу менен кабыл алынат.

14. Жумушчу топтун бардык мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ.

15. Жумушчу топтун жыйналышында анын ар бир мүчөсү бир добушка ээ.

16. Жумушчу топ кабыл алган чечим менен макул болбогон Жумушчу топтун мүчөсү Жумушчу топтун чечимине тиркеле турган өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.

17. Жумушчу топтун ишмердиги аяктаганда Жумушчу топтун бардык документтери Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине мыйзамда белгиленген тартипте жана көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө өткөрүлүп берилет.