Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2026-жылдын 28-августундагы № 90
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) келип түшкөн шайлоо документтерин кабыл алууну жана текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) жүзөгө ашырат.
3. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциялык Мыйзам) белгиленген мөөнөттө шайлоо комиссиясына келген талапкер же болбосо талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү документтерди берүү мөөнөтүн сактоо жөнүндөгү талапты аткарды деп эсептелет.
4. Документтерди кабыл алуу Жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан шайлоо комиссиясына келген убактысына жараша белгиленген кезектүүлүк тартибинде жүзөгө ашырылат. Талапкердин же болбосо талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шайлоо комиссиясына келген убактысы документтерди берген убакыт катары катталып жазылат.
5. Жумушчу топ документтерди кабыл алууну ушул Жободо каралган формаларга ылайык жүзөгө ашырат.
6. Шайлоо документтерин кабыл алуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда Жумушчу топ тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Талапкер аны көрсөтүү тартибине карабастан шайлоо документтеринин берилиши, аларда камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы, ошондой эле документтерди тариздөөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген талаптарга шайкештиги үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде, талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн учурда, көрсөтүлгөн жоопкерчиликти саясий партия да тартат.
8. Президентти шайлоого катышкан талапкерлер жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди кагаз алып жүрүүчүдө да, “Электрондук талапкер” маалымат тутумунда машина окуй турган түрдө да берүүгө тийиш.
2. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо үчүн документтерди берүү тартиби
9. Добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Президент болуп шайлана алат.
10. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.
Төмөнкү адамдар Президенттин кызмат ордуна шайланууга укуксуз:
1) соттуулугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;
2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- оор эмес кылмыштарды, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштарды;
- жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте айыпталуучу жабырлануучу менен макулдашууга жетишкен учурларды кошпогондо, аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган;
3) диний ишмерлер диний ишмердигин токтоткондон кийин 5 жылдын ичинде.
11. Кыргыз Республикасынын Президенти 5 жылга шайланат.
Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан жарандарга, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.
12. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгерде ал:
1) Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы;
2) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;
3) мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашык ишкананын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси болуп саналса.
13. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат, эгерде ал:
1) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы;
2) муниципалдык кызматчы;
3) жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери болуп саналса.
14. Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү.
15. Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкер көрсөтүлгөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына беришет.
16. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күн калганда аяктайт.
17. Жаран саясий партиядан Президенттин кызмат ордуна талапкер болуп көрсөтүлгөн учурда жаран Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:
1) саясий партиянын Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу;
2) жарандын Президенттин кызмат ордуна саясий партиядан талапкер болуп көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы (№ 1 форма);
3) саясий партиянын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн (талапкердин шайлоо фондунан) төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нускасы);
6) улуттук паспорттун типтеринин биринин көчүрмөсү;
7) талапкер жөнүндө маалыматтар (№ 5 форма);
8) талапкер тарабынан толтурулган Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдуктун типтүү формасы (№ 2 форма);
9) мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилген мамлекеттик тилди билүү деңгээли “Ортодон жогору” деңгээлинен төмөн эмес экендиги тууралуу сертификат;
10) башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө декларация (№ 6 форма);
11) диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларация (№ 7 форма);
12) Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет мамлекетте соттуулугу, реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши бар же жок экендиги жөнүндө декларация (№ 8 форма);
13) иштеген жеринен маалымкат;
14) мамлекеттик жана расмий тилдердеги биографиялык маалыматтар камтылган талапкердин анкетасы (№ 9 форма);
15) 3×4 өлчөмүндөгү кызыл фондогу сүрөт – 4 даана (кагаз жана электрондук түрдө);
16) мамлекеттик жана расмий тилдердеги талапкердин шайлоо алдындагы программасы (кагаз жана электрондук түрдө).
18. Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн талапкер болуу ниетин билдирген жаран Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:
1) өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан Президенттин кызмат ордуна талапкер болуу ниетин билдирген жарандын арызы (№ 1-2 форма);
2) эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн (талапкердин шайлоо фондунан) төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нускасы);
3) улуттук паспорттун типтеринин биринин көчүрмөсү;
4) талапкер жөнүндө маалыматтар (№ 5-1 форма);
5) талапкер тарабынан толтурулган Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдуктун типтүү формасы (№ 2 форма);
6) мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилген мамлекеттик тилди билүү деңгээли “Ортодон жогору” деңгээлинен төмөн эмес экендиги тууралуу сертификат;
7) башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө декларация (№ 6 форма);
8) диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларация (№ 7 форма);
9) Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөдө соттуулугу, реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши бар же жок экендиги жөнүндө декларация (№ 8 форма);
10) иштеген жеринен маалымкат;
11) мамлекеттик жана расмий тилдердеги биографиялык маалыматтар камтылган талапкердин анкетасы (№ 9 форма);
12) 3×4 өлчөмүндөгү кызыл фондогу сүрөт – 4 даана (кагаз жана электрондук түрдө);
13) мамлекеттик жана расмий тилдердеги талапкердин шайлоо алдындагы программасы (кагаз жана электрондук түрдө).
19. Ушул Жобонун 17 жана 18-пункттарында каралган документтерди (талапкерди көрсөтүү ыкмасына жараша) талапкер ооруп жаткан же шектелүүчүлөрдү же айыпталуучуларды камакта кармоо жайларында жүргөн учурларды кошпогондо, Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү берүүгө милдеттүү (бул учурда талапкердин арызындагы коюлган колдун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө же болбосо талапкер дарыланып жаткан стационардык дарылоо-алдын алуу мекемесинин администрациясы же ал шектелүү же айыпталуучу катары камакта кармалып турган мекеменин администрациясы тарабынан жазуу жүзүндө ырасталууга тийиш). Адамдын талапкердин өтүнүчү боюнча документтерди берүүгө ыйгарым укуктары нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык талапкер тарабынан берилген ишеним кат менен тастыкталууга тийиш.
20. Жумушчу топ ушул Жобонун 17 жана 18-пункттарында каралган документтер жана шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин түп нускасы берилгенден кийин дароо документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктаманы (аныктаманы) берет.
21. Президенттин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерди колдогон 30 миңден кем эмес шайлоочунун колдорун камтыган Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактарын берет.
Кол чогултуу тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
22. Кол коюу барактарын кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөндүрөт жана кол коюу барактары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.
23. Өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазуу, конституциялык Мыйзамда каралган башка документтерди толтуруу мүмкүнчүлүгү жок майыптыгы бар талапкер көрсөтүлгөн учурда, ал адам бул үчүн башка адамдын жардамын пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам көрсөтүп жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
24. Талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү берилген талапкер жөнүндө маалыматтарда өзгөрүүлөр бар экендиги жөнүндө маалыматтарды (аты-жөнү, негизги иштеген же кызмат өтөгөн жери, ээлеген кызмат орду өзгөртүлгөндүгү жөнүндө, паспорту алмаштырылгандыгы ж. б. жөнүндө) Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоо үчүн тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү берилет.
25. Жумушчу топ талапкерден же талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн жетишпеген документтерди алгандыгы фактысын каттайт, андан кийин тиешелүү шайлоо документтеринин кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону (аныктаманы) берет. Ырастоодо кабыл алынган бардык документтер ар биринин барактарынын жана нускаларынын саны көрсөтүлүү менен саналып өтөт.
26. Жазуу жүзүндөгү ырастоого (аныктамага) Жумушчу топтун жетекчиси кол коёт, ал эми жетекчи жок болгон учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коёт. Жазуу жүзүндөгү ырастоо (аныктама) эки нускада түзүлөт, анын бир нускасы талапкерге же талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилет, экинчи нускасы Борбордук шайлоо комиссиясында сакталат. Аныктама түзүлгөн дата документтер кабыл алынган дата болуп эсептелет.
27. Каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен, мурда берилген документтерге жана кол коюу баракчаларына кошумча катары, ушул Жобонун 17, 18-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин тизмесине кирген жетишпеген документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
28. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда аяктайт.
3. Шайлоо документтерин текшерүү тартиби
29. Жумушчу топ документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде конституциялык Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерүүнү, анын ичинде “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу менен текшерүүнү жүзөгө ашырат жана тиешелүү чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына алып чыгат.
30. Шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нуска) жок учурда талаптарга шайкештикти текшерүү жүргүзүлбөйт, ал эми талапкер болуу ниетин билдирген жарандын документтери берилген жок деп эсептелет жана кайтарылууга тийиш.
31. Талапкерге берилген документтерде айкындалган кемчиликтер тууралуу кабарлоо маселеси карала турган Жумушчу топтун жыйналышына талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү кабарламаны тапшыруу үчүн чакырылат.
32. Кабарламада шайкеш келбеген документтердин, берилген документтердеги толук эмес маалыматтардын тизмеги, конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен жана айкындалган кемчиликтерди жоюу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен таризделген документтер көрсөтүлөт.
33. Документтердеги кемчиликтер талапкер тарабынан бир нече жолу, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерге кабарлагандан кийин 48 сааттан кечиктирилбестен жоюлушу мүмкүн.
34. Эгерде берилген документтердеги кемчиликтер жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү айкындалган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жойбосо же толук көлөмдө жойбосо, анда Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат.
35. Жумушчу топ 10 күндүк мөөнөттө калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин жана соттук-эксперттик ишмердик чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен талапкерди колдогон колдордун аныктыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат.
36. Каттоо үчүн колдорду берген бардык талапкерлер ар бир текшерүү жүргүзүү учуру тууралуу кабарландырылууга тийиш. Колдорду текшерүүнү жүргүзүүдө талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышып отурууга укуктуу.
37. Кол коюу барактарындагы колдордун аныктыгын текшерүү аларды “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалымат тутумунун маалыматтары менен салыштыруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
38. Бардык кол коюу барактары талапкердин же талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
39. Жумушчу топтун жетекчиси же мүчөсү тарабынан кол коюлган кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аныктама талапкерге же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилет.
40. Президенттин кызмат ордуна талапкерлер тарабынан берилген документтерди текшерүүнүн натыйжалары боюнча Жумушчу топ корутунду түзөт, ал Президенттин кызмат ордуна талапкерди каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдин долбоорун Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
41. Төмөнкүлөр каттоодон баш тартуунун негиздери болуп саналат:
1) ушул Жобого ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтердин берилбегендиги;
2) талапкерди колдоп берилген шайлоочулардын анык колдорунун санынын жетишсиздиги;
3) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
4) конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкердин өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;
5) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин (түп нусканын) жоктугу;
6) конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган талаптардын сакталбагандыгы;
7) эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же турган болсо.
42. Талапкердин уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга) же куралдуу топко (бандага) тиешеси бар экендиги тиешелүү укук коргоо органы тарабынан тастыкталган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени өзүнүн жыйналышында укук коргоо органынын өкүлүнүн катышуусунда карайт, ал баяндама жасап, тастыктоочу документтерди көрсөтөт.
43. Президенттин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтарды текшерүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет мамлекетте соттуулугу бар же жок экендиги, ошондой эле кылмыш ишинин реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылгандыгы жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
44. Жаран Президенттин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүлгөнгө чейинки 5 жылдын ичинде талапкердин диний ишмердикке катыштыгы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тастыкталган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени өзүнүн жыйналышында аталган органдын өкүлүнүн катышуусунда карайт, ал баяндама жасап, тастыктоочу документтерди көрсөтөт.
45. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерге же талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздери баяндалган шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды жана байкоочуларды каттоо үчүн документтерди тапшыруу тартиби.
46. Талапкерлер шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү жана финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кошкондо, экиден ашпаган ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоого укуктуу.
47. Ыйгарым укуктуу өкүлдү каттоо үчүн талапкер Жумушчу топко төмөнкүлөрдү берет:
1) талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмесин (№ 3 форма);
2) жарандын талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө арызын (№ 4 форма);
3) талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан толтурулган Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдуктун типтүү формасын (№ 2 форма);
4) талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн улуттук паспортунун типтеринин биринин көчүрмөсүн.
48. Талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө кабарлап, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын кайсы убакта болбосун токтотуп коюуга укуктуу (№ 12 форма).
49. Каттоодон өткөн талапкер өзүнүн өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын жана байкоочуларын каттоо үчүн зарыл болгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына конституциялык Мыйзамда жана ушул Жободо белгиленген тартипте берүүгө укуктуу.
50. Шайлоо комиссиясындагы талапкердин өкүлүн каттоо үчүн талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү төмөнкүлөрдү берет:
1) талапкердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрүнүн тизмесин (№ 10 форма);
2) жарандын талапкердин шайлоо комиссиясындагы өкүлү болууга макулдугу жөнүндө арызын (№ 11 форма);
3) талапкердин шайлоо комиссиясындагы өкүлүнүн улуттук паспортунун типтеринин биринин көчүрмөсүн.
Документтер тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
51. Каттоодон өткөндөн кийин талапкердин шайлоо комиссиясындагы өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет. Талапкердин шайлоо комиссиясындагы өкүлү бир эле мезгилде талапкердин башка шайлоо комиссиясындагы өкүлү боло албайт.
52. Талапкердин шайлоо комиссиясындагы өкүлүнүн ыйгарым укуктары аны дайындаган субъекттин чечими боюнча кайсы убакта болбосун токтотулушу жана башка адамга өткөрүлүп берилиши мүмкүн (№ 12-1 форма).
53. Ишенимдүү адамдар бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.00гө чейин талапкерлер тарабынан дайындалат.
54. Ишенимдүү адамдарды каттоо үчүн талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет:
1) талапкердин ишенимдүү адамдарынын тизмесин (№ 10-1 форма);
2) жарандын талапкердин ишенимдүү адамы болууга макулдугу жөнүндө арызын (№ 11-1 форма);
3) талапкердин ишенимдүү адамынын улуттук паспортунун типтеринин биринин көчүрмөсүн.
55. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин ишенимдүү адамын каттоону жүзөгө ашырат жана ага белгиленген үлгүдөгү ырастама берет.
56. Талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына бул тууралуу кабарлап, өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын кайсы убакта болбосун чакыртып алууга укуктуу (№ 12-2 форма).
57. Талапкер ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашпаган байкоочу жиберүүгө укуктуу.
58. Байкоочу аны дайындаган талапкерден тиешелүү шайлоо комиссиясына жолдомо келип түшкөндөн кийин байкоочунун укуктарына жана милдеттерине ээ болот (№ 13 форма).
Жолдомо талапкердин колу болгон жана паспорт же аны алмаштыруучу документ көрсөтүлгөн учурда жарактуу болуп эсептелет. Байкоочу жиберилип жаткандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.
Байкоочу шайлоо комиссиясында катталгандан кийин ага белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
5. Электрондук машина окуй турган түрдө берилген документтерди текшерүү тартиби
59. Талапкерлер тарабынан “Электрондук талапкер” маалымат тутумунда (электрондук машина окуй турган түрдө) берилген документтердин кагаз түрүндө берилген документтерге шайкештиги жана окшоштугу текшерилүүгө тийиш.
60. Документтердин электрондук машина окуй турган жана кагаз түрлөрүндөгү дал келбестиктер табылган учурда алар талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан колдорун күбөлөндүрүп, документтин түп нускасына тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен четтетилүүгө тийиш.