КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 13 -июль 2017-жыл

Өткөрүү датасы: 13 -июль 2017-ж.

Убактысы : 17-00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

 

1. 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун           Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кенештеринин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун  Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кенештеринин; Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо участкалары үчүн календардын формасын жана текстин бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы “Тил боюнча комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” № 57 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

(Баяндамачы – Шаршенаалы уулу Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)

6.  Бишкек шаарынын тургуну М.Аспековтун арызы  жөнүндө

(Баяндамачы – К.М. Осмоналиев, БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун мүчөсү)

7. 2017 жылдын 15-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо коомдук байкоочуларды аккредитациялоо боюнча

(Баяндамачы – Шаршенаалы уулу Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)

8. Ар түрдүү маселелер

 

ТӨРАГА