КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 30-сентябрь 2019-ж.
Өткөрүү датасы: 30 -сентябрь 2019-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 26-сентябрындагы протоколун бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2019-жылдын 17-сентябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай,Чоң-Алай,Токтогул, Ысык-Ата, Кемин, Тоң, Түп жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5.Ар түрдүү маселелер
Төрага